21.11.25
Казакстандын Шымкент шаарында жылына 155 миң тонна помидор өндүрүүгө ылайыкташкан өлкөдөгү эң ири “Alsera kz” күнөскана комплекси ишке берилди. Бул тууралуу “EastFruit”. Күнөскананын инвестору Түркиянын агроөнөр жай “Alarko Holding” холдинги болуп эсептелет. Ачылыш аземине Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров, Түркиянын Түркстандагы Башкы консулу Левент Гюржан, “Alarko Holding” холдингинин башкармалыгынын төрагасы Иззет Гарих, Шымкент шаарынын акимчилигинин өкүлдөрү катышты.
Айдарбек Сапаровдун айтымында, Түркия Казакстан үчүн агроөнөр жай комплекси тармагындагы негизги өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Түркиялык инвесторлор менен биргеликте өлкөдө жалпы баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн 14 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин айтымында, мындай кызматташтык тажрыйба алмашууга, технологияларды киргизүүгө жана агрардык тармактагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биргелешкен аракеттер, Казакстан менен Түркиянын айыл чарба продукциясынын азык-түлүк коопсуздугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Азыркы учурда күнөскананын буга чейин ишке киргизилген бөлүгүндө, помидордун биринчи түшүмү жыйналды. 650 миллион долларлык ири инвестициялык долбоордун курулушу 2024-жылдын жай айларында башталган. Күнөскана комплекси жылына 155 миң тонна продукция өндүрүүгө жөндөмдүү. Комплекстин жалпы аянты 650 гектарды түзөт, анын биринчи этабында 208 гектар аянтка курулуш иштери жүргүзүлөт.
Жалпысынан, быйылкы жылдын аягына чейин комплекстин кошумча 40 гектар аянты да ишке берилери күтүлүүдө. Бул өндүрүштү кеңейтип, ички рынокту жаңы жашылча менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Биринчи этап толук ишке киргенден кийин 2 миңдей жумуш орун түзүлөт, ал эми долбоор толугу менен бүткөндө жумушчу орундардын саны 5 миңге жетет.
Иш-чаранын маанилүү бөлүгү, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториясы бар адистештирилген агроакадемиялык борборду түзүү. Борбор агрардык тармак үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыздайт.


