25.11.2025
Туркмөнстан экономикасына салынган казакстандык инвестициялардын көлөмү 120 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада шейшемби күнү Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр учурунда билдирди.
Токаевдин айтымында, Казакстан аймагында ийгиликтүү иштеп жаткан түркмөн капиталы катышкан 140 жакын компания эки өлкөнүн экономикалык байланышын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошууда.
Жолугушуу маалында, лидерлер эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Алардын катарында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, транспорт жана логистика жаатындагы өз ара аракеттенүү да бар. Өзгөчө көңүл энергетика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, IT, билим берүү жана медицина тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго бурулду.
Казакстан Президенти өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жүрүп жаткан активдүү жана мазмундуу байланыштарды белгиледи. Кызматташтык өкмөттөр аралык деңгээлде да, ведомстволор аралык форматта да, ошондой эле көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында да жүргүзүлүп жатат.
Токаевдин пикиринде, Казакстан менен Түркмөнстанды аймактык жана эл аралык маселелерди чечүүдөгү жалпы көз караш жана окшош мамилелер бириктирет. Ал акыркы беш жыл ичинде эки өлкөнүн өз ара соода көлөмү төрт эседен ашык өсүп, жарым миллиард доллардан ашканын баса белгиледи. 2025-жылдын алгачкы тогуз айында, Түркмөнстан менен Казакстандын эки тараптуу товар жүгүртүүсү 363,6 миллион долларга жетип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4% пайызга көбөйгөн.


