27.11.25

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун тапшырмасын аткаруу алкагында Казакстан жана Өзбекстан ортосундагы туризмди жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу, “Primeminister.kz” маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын Транспорт министрлиги аркылуу үч жаңы аба каттамы ишке киргизилүүдө. Ушул жылдын 1-декабрынан тарта “SCAT” авиакомпаниясы “Түркстан – Бухара, Түркстан – Ургенч” (Хива) жана “Түркстан – Самарканд” багыттары боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Ар бир багыт боюнча рейстер жумасына үч жолу жүргүзүлөт. Билеттер сатууда, бир тарапка учуунун баасы 40 миң теңге.

Баштапкы этапта туруктуу жүргүнчүлөр агымын түзүү үчүн каттамдар субсидияланат. Бул багыттарды ачуу туризмди өнүктүрүүгө, Улуу Жибек жолунун шаарларына жайылтууга, ошондой эле региондордун транспорттук байланышын күчөтүүгө жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги Борбор Азиядагы “Жибек жолу” боюнча жалпы маршруттун жаңы концепциясын иштеп чыкты. Ага региондун негизги шаарлары: Алматы, Шымкент, Түркстан, Ташкент, Самарканд, Бухара жана Хива, ошондой эле жалпы тарыхый мурастар жана табигый ресурстар киргизилди.

Первый тур в Самарканд уже запущен совместно с оператором kompastour. Сейчас ведутся переговоры с другими туристскими компаниями по формированию новых туров.  Самаркандга биринчи тур “kompastour” оператору менен биргеликте ишке киргизилди. Азыр жаңы турларды түзүү боюнча башка туристтик компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2026-жылы Казакстан жана Өзбекстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип жайылтуу жана эки өлкөнүн туристтик ресурстарын бириктирүү мүмкүнчүлүгү каралат. Эскерте кетсек, август айында “Борбор Азия – Кытай (С5+1)” форматы боюнча жарандык авиация жаатында кызматташтык боюнча жумушчу топтун конференциясында, Казакстан жана Өзбекстандын авиация бийликтери эки өлкө ортосундагы туруктуу авиакаттамдардын санын көбөйтүү боюнча макулдашышкан.

2025-жылдын 3-июлунан тарта өзбекстандык “My Freighter” авиакомпаниясы “Актау – Нукус” багыты боюнча жумасына эки рейс аткарып баштаган. Ал эми “Fly Arystan” авиакомпаниясы 2025-жылдын 15-июлунан тарта “Атырау – Ташкент” багыты боюнча авиакаттамды жумасына үч жолу ишке киргизген.

https://kapital.kz/economic/142773/kazahstan-i-uzbekistan-zapustyat-tri-novyh-aviamarshruta.html