02.12.25

2026-жылы Түркиялык “Cengiz Holding” холдинги Казакстанда эки кант заводу курууну пландап жатат. Долбоорго 10 жылдын ичинде 500 миллион доллар инвестиция салуу каралууда. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министр Айдарбек Сапаровдун Түркиялык “Cengiz Holding” холдингинин директорлор кеңешинин мүчөсү Дженгиз Шабан менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө белгилүү болду. Тараптар сүйлөшүүдө кант тармагын өнүктүрүү келечегин, инвестиция тартуу маселелерин жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багытындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Айдарбек Сапаров белгилегендей, министрлик шекерге болгон импорттук көз карандылыкты азайтууга жана өзүн-өзү камсыздоого өтүүгө багытталган комплекстүү чараларды көрүүдө.

Казакстандын Айыл чарба министр Айдарбек Сапаров: “Жаңы кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды түзүү жана туруктуу чийки зат базасын калыптандыруу мамлекеттин негизги максаты. “Cengiz Holding” холдингинин демилгеси азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн стратегиялык мааниге ээ”, — деп белгилеп өттү.

Түркиялык холдинг Казакстанда жылына 300 миң тоннага чейин кант өндүрө турган эки завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Потенциалдуу жайлар катары климаттык шарттары, инфраструктурасы жана жер ресурстары жетиштүү болгон Түндүк Казакстан жана Павлодар облустары каралууда. Дженгиз Шабандын айтымында, долбоор 10 жылга эсептелген 500 миллион долларлык инвестицияны камтыйт. Эки заводдун курулушу 2026-жылы башталып, эки жыл ичинде пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Долбоор ишке ашырылса, ички рынокту кант менен камсыздоого, ошондой эле кошумча тармактарды, тамак-аш өнөр жайына арналган ингредиенттерди, өнөр жай спиртин жана башка продукцияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Тараптар долбоорду мындан ары деталдуу иштеп чыгуу жана кийинки кадамдарды жакынкы убакта талкуулоо боюнча макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

https://kapital.kz/economic/142915/tureckij-holding-vlozhit-v-stroitelstvo-dvuh-saharnyh-zavodov-dollar500-mln.html