09.12.25

Казакстан эл аралык автожүк ташууларды санариптештирүүнү кеңейтүүнү жана Түркия, Кыргызстан менен электрондук бланктарга өтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министри Нурлан Сауронбаев өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү автожүк ташуу көлөмү 288 миллион тоннага жетип, өткөн жылга караганда 1,7% пайызга жогорулады. Автоматташтырылган таразалоо пункттары бюджетке түшкөн каражатты дээрлик он эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Азыркы учурда ташуулар 42 мамлекет менен жүргүзүлүүдө.

Өткөн жылы Казакстан Кытай жана Өзбекстан менен кызматташтыкта кагаз түрүндөгү уруксат бланктарын электрондук форматка өткөргөн. Учурда Азербайжан системасы менен интеграция боюнча техникалык иштер жүрүп жатат. Кийинки этапта Түркия жана Кыргызстан менен окшош механизмдерди киргизүү иштери жасалат.

Министр белгилегендей, атаандаштыкты жогорулатуу үчүн Казакстан коштомо документтерди санариптештирүүнү улантат. Жүк ташуучулар үчүн ички система иштелип бүттү, анын укуктук базасы келерки жылдан тарта күчүнө кирет.

Ошондой эле өлкө эл аралык e-CMR конвенциясына кошулууга даярданууда. Бул Казакстанга эл аралык ташууларда толугу менен электрондук жүк-ыраат накладнойлоруна өтүүгө мүмкүндүк берет. Андан кийин коңшу мамлекеттер менен интеграцияны Улуттук шлюз аркылуу жүргүзүү пландалууда.

https://turanews.kz/tr/news/kazakistan-turkiye-ve-kirgizistan-ile-elektronik-tasima-izinlerine-geciyor/