22.12.25

Казакстандын Алматы облусунун делегациясы, Түркиянын Конья шаарында жайгашкан “Eti Bakır A.Ş.” компаниясынын жезди кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Казакстандан келген делегация мүчөлөрүнүн негизги максаты, Түркиялык ишкананын өнөр жай потенциалы менен таанышып, металлургия өндүрүшү тармагындагы тажрыйбасы менен жакындан таанышуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Алматы облусунун басма сөз кызматы билдирди.

“Eti Bakır A.Ş.” компаниясы “Cengiz Holding” холдингинин туунду компаниясы болуп эсептелет жана Түркиянын алдыңкы металлургиялык ишканаларынын катарына кирет. Компания толук өндүрүш цикли принциби боюнча иш алып барат, жезди  чалгындоо жана казып алуудан тартып, аны байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүгө чейин иштерин аткарат. Компаниянын заводдору өлкөнүн бир нече аймагында жайгашкан, ал эми продукциясы ички рынокко да, экспортко да багытталган.

Көрүшмө учурунда, өндүрүштү вертикалдык интеграциялоо жана энергия менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Түркиялык компания өзүнүн энергетикалык кубаттуулуктарын пайдаланат. Мындай ыкма өндүргөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана өндүрүш кыйын шарттарга туш болгон учурда дагы иштин туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Eti Bakur A.Ş.” компаниясынын тажрыйбасы, Алматы облусунун өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн, анын ичинде заманбап технологияларды киргизүү, чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана экспорттук потенциалды кеңейтүүдө маанилүү болуп саналат. Делегация мүчөлөрү белгилегендей, мындай сапарлар ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

https://kapital.kz/economic/143488/kazahstan-izuchaet-promyshlennyj-opyt-turcii.html