21.12.2025
Венгрия Кыргызстанда иш алып барган венгриялык компанияларды колдоо максатында “Венгрия–Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун капиталын 45 миллион долларга чейин көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстандын делегациясынын Венгрияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен болгон жолугушууда билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар 2025-жылдагы Кыргызстан-Венгрия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты. 2026-жылы Кыргызстан-Венгрия кызматташтыкты мындан ары дагы кеңейтүүгө багыт алгандыгы белгиленди. 2025- жылы өз ара кызматташтык жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана эки тараптуу мамлекеттик органдардын көрүшмөлөрүн камтыган конструктивдүү мүнөздө болгондугу белгиленди.
Тараптар өзгөчө көңүлдү “Венгрия–Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө бурушуп, аны экономиканын ар түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралдарынын бири катары аташты. Петер Сийяртонун айтымында, фондду 45 миллион долларга чейин көбөйтүү, Кыргызстандагы иш алып барып жатышкан венгриялык компаниялардын бизнесин колдоону күчөтүп, биргелешкен долбоорлордун аткарылуусуна мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыктын өнүгүүсү да белгиленип, жыл сайын Кыргызстандык 200 чейин студенттер “Stipendium Hungaricum” программасынын алкагында, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууну улантып жатышканы билдирилди.


