13.01.26

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы Түркиядагы İTOB OSB уюштурган өнөр жай зонасына барып, ишкердик байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстандын өнөр жай зоналарын өнүктүрүүдө Түркиянын тажрыйбасын колдонуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандан келген делегация Түркиянын Измир провинциясынын Мендерес (Текели) районунда жайгашкан İTOB OSB зонасында болду. Иш-чарага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев дагы катышты.

Түркиянын Соода өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, İTOB OSB 2002-жылы негизделген. Зонанын жалпы аянты болжол менен 2,5 миллион чарчы метрди түзөт. Аймакта 300 ашык ишкана иштеп, жумуш менен камсыз болгон адамдардын саны 7–8 миңге жетет. Зонанын резиденттеринин экспорттук потенциалы жылына болжол менен 1 миллиард долларды түзөт.

Сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү инфраструктура, бизнес жүргүзүү шарттары жана инвесторлорду колдоо механизмдери менен таанышты. Ошондой эле İTOB OSB жетекчилигине, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгү тааныштырылып, Кыргызстан менен Түркиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

İTOB OSB машина куруу, металл иштетүү, электроника, авто тетиктерин өндүрүү, химия жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле логистика жана кампа кызматтары сыяктуу тармактардагы компанияларды бириктирет. Айрыкча машина куруу жана металл иштетүү багыттары жакшы өнүккөн.

Сапардын жыйынтыгында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында Түркиянын İTOB OSB тажрыйбасы Кыргызстандын уюштурулган өнөр жай зоналарын өнүктүрүү үчүн практикалык кызыгуу жаратары, инвестицияларды тартууга, өндүрүштүк стандарттарды киргизүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

https://economist.kg/biznes/2026/01/13/ot-mashinostroieniia-do-loghistiki-tpp-kr-izuchila-turietskuiu-modiel-upravlieniia-promzonami/