14.01.26
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 2026-жылдын 14-январь күнү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен инвестиция тартуу жана мамлекеттик визиттерди уюштуруу пландарын талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы соода-экономикалык кызматташтык болду. Түркиялык дипломат өз өлкөсүнүн ишкер чөйрөлөрү Кыргызстандын аймагында ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар Түркия компанияларынын капиталын, Кыргызстандын экономикасына тартуу үчүн шарттарды түзүү багытында биргелешип иш алып барууну макулдашышты.
Экономикадан тышкары, жолугушуунун катышуучулары саясий жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин да талкуулашты. Дипломаттар ушул жылга пландалган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара визиттердин графигин жана аны уюштурууну талкуулашты. Мындай эки тараптуу иш-чараларды уютуруу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.


