22.01.26

Кыргызстандын Экономика министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев 21-январда “Узчармсаноат” ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар булгаары жана бут кийим өнөр жайындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы, Кыргызстанда өндүрүлгөн иштетилбеген жана жарым-жартылай иштетилген терилерди, Өзбекстандын рыногуна жеткирүү мүмкүнчүлүгү болду. Өзбекстандын соода ассоциациянын өкүлдөрү, Кыргызстандын чийки заттарына кызыкдар экенин билдирип, талкуулардан практикалык кадамдарга өтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстан аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү маселеси каралды. Мындан тышкары, катышуучулар жүндү кайра иштетүү тармагындагы кыргызстандык компаниялардын тажрыйбасы чоң экендигин белгилешти. Бул багытта Кыргызстанда калыптанган өндүрүштүк базалар Өзбекстандын  ишкелери үчүн кызыктуу болушу мүмкүн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар тиешелүү мамлекеттик органдардын жана бизнестин катышуусунда видеоконференция форматында диалогду улантууну макулдашышты. Анда тери экспорттоо, ошондой эле жүндү кайра иштетүү жана даяр продукция чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүктөр кеңири талкууланмакчы.

https://economist.kg/biznes/2026/01/22/kyrghyzstan-sobiraietsia-postavliat-kozhieviennoie-syrie-v-uzbiekistan/