10.02.26
2026-жылдын 10-февралында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун кабыл алды. Нурланбек Тургунбек уулунун Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында өткөн жолугушууда, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташууну тереңдетүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Тургунбек уулу Түркия президенти Эрдоганга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы тыгыз мамилелер боордош өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөнүн бекем негизи экенин белгиледи. Ал ошондой эле 2024-жылы Түркия президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары тарыхый окуя болуп, стратегиялык мамилелерде жаңы барак ачканын айтты.
Нурланбек Тургунбек уулу: “Кыргызстан кызматташууну бардык багыттарда активдүү жана ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар. Өз кезегинде, Кыргызстандын парламенти жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө жана көмөктөшүүгө даяр”, — деп белгилеп өттү.
Тургунбек уулу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бардык түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо маселеси экенин кошумчалап келип:. “Биз Түрк мамлекеттер уюму жана ТүркПА сыяктуу эл аралык аянтчаларда тыгыз кызматташабыз. Өткөн жылы Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылган, ал эми быйыл ТүркПАнын кезектеги жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда. Биз боордош Өзбекстандын парламенти да биздин катарга кошулат деп үмүттөнөбүз», — деп билдирди.
Тургунбек уулу Түркияга болгон бул сапары анын Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий визити экенин белгилеп: “Бул — элдерибиздин жакындыгын айгинелеген символикалык окуя. Бүгүн Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаштык жана кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган көптөгөн пландарды макулдаштык”, — деп белгилеп өттү.
Ошондой эле Төрага соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтып, мындай биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууну жана аларга саясий колдоо көрсөтүүнү суранды.
Өз кезегинде, Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын парламентинин жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымдар экенин айтты. Ал бул расмий сапар кызматташууну тереңдетүүгө олуттуу түрткү берерине ишеним билдирди.
Мындан тышкары, Режеп Тайип Эрдоган Түркия Кыргызстан менен болгон боордоштук, достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгилеп, боордош өлкөнүн өнүгүүсүнө кызыкдар экенин жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.


