20.02.26

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 20-февралда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кайра жаралуучу жашыл энергия тармагындагы ири долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчысы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында “Бишкек Солар” компаниясы куруп жаткан күн электр станциясынын долбоорун көрүп чыкты. Компания өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, станция жогорку кубаттуулукка ээ болуп, курулуш иштеринин 80 пайызы аяктаган. Алгач долбоорду 36 айда бүтүрүү пландалган болсо, жогорку темптеги иштердин натыйжасында мөөнөт 24 айга чейин кыскартылган.

Станциянын кубаттуулугу 100 МВт болуп, жылына 600 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 2027-жылдын февралына карата 280 млн долларга жетет. Объектти этап-этабы менен 2026-жылдын август айынан 2027-жылдын август айына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районунун Кызыл-Орук айылында вьетнамдык “Rox Energy Global” компаниясы ишке ашырып жаткан “Ысык-Көл-1” күн электр станциясынын курулушу менен да таанышты.

Бул ири долбоордун курулушу 2025-жылдын сентябрында башталган. Жалпы кубаттуулугу 1 900 МВт болгон станцияга 1,4 млрд доллар инвестиция тартылууда. Ал жыл сайын 3,6 млрд кВт·саат экологиялык таза электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Долбоор үч этапта ишке ашырылат: биринчи этап — 150 МВт, экинчи этап — 450 МВт, үчүнчү этап — 1 300 МВт. “Ысык-Көл-1” күн электр станциясынын курулушун толук аяктоо 2028-жылга пландалган. Сапардын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин төрагасы инвесторлордун активдүүлүгүн жана долбоорлордун ишке ашырылыш темпин жогору баалады.

https://ru.kabar.kg/news/glava-kabmina-oznakomilsya-s-realizatsiey-proektov-solnechnoy-energetiki-na-issyk-kule/