13.02.25
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын кеңири талкуулашты.
Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара расмий иш сапарлардын графиги макулдашылды.
Министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу, Казакстандын Алматы облусунда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоого арналган дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, “Ысык-Көл – Алматы” альтернативдүү автожолун салуу, ошондой эле Кыргызстан-Казакстан мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарды жана көпүрөлөрдү модернизациялоо сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Инфраструктуралык өнүгүү менен катар, тараптар айыл чарба тармагында жана өнөр жай кооперациясында аймактар аралык кызматташтыктын толук пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти. Ушуга байланыштуу учурдагы перспективаларды изилдеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелери боюнча пикир алышуу болду. Тышкы иштер министрлери регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча позициялардын окшоштугун жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштар саясаты тармактарындагы демилгелер аркылуу маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
https://www.kabar.kg/news/kyrgyz-kazak-kyzmattashtygy-chek-arada-zhay-logistikalyk-kompleks-kurulat/


