26.02.26
Түркиянын “Akplas Plastik Sanayi ve Ticaret A.Ş.” компаниясы кыргызстандын Чүй облусунун аймагында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу жабдууларын өндүрүүчү завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өндүрүш комплекси Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштырылат. Түркиялык инвестор айыл чарба жана суу инфраструктурасы үчүн заманбап жабдууларды чыгарууга адистешкен компания болуп эсептелет. Аларга полимер түтүктөр (HDPE/PE, PVC), фитингдер, ошондой эле сууну фильтрациялоо жана бөлүп тазалоо системалары кирет.
Сүйлөшүү процессин Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү уюштурган, ал эми келишимди даярдоо жана коштоо иштерин Айыл чарба министрлиги жүргүзүүдө.
Жергиликтүү өндүрүштү ишке киргизүү өлкөнүн агрардык секторуна суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мындай акыркы үлгүдөгү техникалык жабдыктар суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатып, сугат суусунун жоготууларын азайтат. Долбоор ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү логистика, монтаждоо жана сугат системаларын тейлөө тармактарын өнүктүрүүгө багытталган.


