03.04.26
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баку шаарында “Түрк мамлекеттер уюму” (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышуу учурунда, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдары, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин, өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Сүйлөшүүнүн алкагында, тараптар экономика, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана соода кызматташтыгы сыяктуу тармактарда кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Адылбек Касымалиев быйылкы жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү этап болорун белгилеп, өкмөттөр аралык иш-аракеттер планын иш жүзүндө ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев. “Өлкө лидерлери эки тараптуу товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшкан. Бул багытта биз түрк инвестицияларын колдоого даярбыз жана мындан ары да кызматташууну тереңдетебиз”, - деп белгилеп өттү. Өз кезегинде вице-президент Жевдет Йылмаз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин жана бардык багыттар боюнча кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Көрүшмөнүн жыйынтыгында, тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары чыңдоого жана бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


