06.04.26
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун өткөрүштү. Бул тууралуу, “The Caspian Post” басылмасы билдирди.
Жогорку деңгээлдеги делегацияларды, Кыргызстандын Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстандын Энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстандын Энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектеди. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.
Кыргызстандын Нарын дарыясында курула турган “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) 1,880 МВт электр энергиясын өндүрүүгө эсептелген. Мындай ири объекттинин ишке кириши, Борбор Азиядагы электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга жана суу ресурстарын биргелешип башкарууну жолго коюуга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда министрликтердин өкүлдөрү, келечектеги станцияны биргелешип башкаруунун укуктук жана уюштуруучулук маселелерин иштеп чыгууда. Көрүшмөнүн катышуучулары белгилешкендей, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) алдыдагы ондогон жылдар бою Борбор Азия аймагын туруктуу энергия менен камсыздоонун негизи болот.


