01.04.2026

Кыргызстан 2026-жылы кайра жаралуучу энергия булактары (ВИЭ) жана чакан гидроэлектр станциялары (ГЭС) аркылуу электр энергиясын өндүрүүнү 1,2–1,5 миллиард киловатт-саатка чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жашыл энергияны өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп жатат. 2025-жылы Кыргызстанда сегиз чакан ГЭС пайдаланууга берилген. Ошондой эле Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы ишке киргизилген.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы “Бишкек Солар” компаниясы кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн станциясын куруп жатат. Анын алгачкы этабында август айына чейин 100 мегаватт электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, инвесторлор жалпы кубаттуулугу 1 900 мегаваттка жеткен ири күн электр станцияларын курууну көздөшүүдө. Атап айтканда, май айында 150 мегаватт, ал эми жыл аягына чейин дагы 450 мегаватт энергия өндүрүү мерчемделген.

Ошондой эле жашыл энергетика тармагына кызыккан башка инвесторлор да бар экени белгиленди.

Учурда Кыргызстан жылына орто эсеп менен 15,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Анын ичинен 450–500 миллион киловатт-сааты кайра жаралуучу булактарга туура келет. Өлкө 2026-жылы бул көрсөткүчтү 1,2–1,5 миллиард киловатт-саатка чейин жеткирүүнү максат кылууда.

https://qazaqgreen.com/news/sng/3478/