11.04.26
Кыргызстандын Улуттук инвестициялар агенттигинде Түркиянын “Yapi Merkezi” компаниясы өкүлдөрү жана Кыргызстандын “Жашыл инфраструктура” фондунун жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары, Кыргызстандын аймагында экологиялык жактан туруктуу объекттерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык өнөктөштүктүн келечегин карап чыгышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө түрк тарап темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана туннелдерди куруу боюнча ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруудагы эл аралык тажрыйбасын сунуштады. “Yapi Merkezi” компаниясынын өкүлдөрү инженердик чечимдерди фонддун “жашыл” талаптарына ылайыкташтырууга даяр экенин билдиришти. Тараптар айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндын таасирин азайткан экологиялык технологияларды колдонуу менен транспорт секторун модернизациялоону каржылоо механизмдерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл техникалык тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын “Жашыл инфраструктура” фонду аркылуу туруктуу инвестициялык каналдарды түзүүгө бурулду. “Yapi Merkezi” компаниясынын жетекчилиги, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.


