02.04.26

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн экономикасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча орточо 6% пайыз өсүштү көрсөттү. Башкача айтканда мындай өсүш дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору болуп саналат. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бакуда өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) Евразияда жаңы күч борборуна айланып баратат. Уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы ички дүң өндүрүшү (ИДӨ) 2,4 трлн доллардан ашты, ал эми жалпы калкы 160 млн адамды түзөт. Бул шартта Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр менен байланышын активдүү күчөтүүдө. Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 3,3 млрд долларга жетип, өткөн жылы бул мамлекеттерден тартылган инвестициялардын көлөмү 220 млн долларды түздү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын  Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар негизги демилгелерди белгиледи. Тактап айтканда, “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу учурда стратегиялык түйүн катары каралууда. Темир жол Каспий аркылуу Тынч океандын жээгин Европа базарлары менен байланыштырат. Жүк ташууларды ылдамдатуу үчүн “e-CMR” электрондук жүк коштомо кагаздарын киргизүү сунушталды.

Мындан тышкары, жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулду. Акыркы беш жылда Кыргызстанда 27 чакан гидроэлектр станциялары (ГЭС) ишке киргизилди. Учурда жалпы суммасы 4,7 млрд долларды түзгөн күн жана шамал электр станцияларынын долбоорлору даярдалууда. Адылбек Касымалиев өлкө инвесторлор үчүн ачык экенин жана иш алып барууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

https://economist.kg/ekonomika/2026/04/02/ekonomika-stran-otg-rastiet-vdvoie-bystrieie-mirovoi-kasymaliiev/