19.05.26

Бишкекте мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана Венгриянын алдыңкы компанияларынын катышуусунда II Кыргыз-Венгрия азык-түлүк өнөр жай форуму болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын киргизүү жана агроөнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев форумда министрлик өндүрүштөрдү модернизациялоого жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга басым жасап жатканын билдирди. Анын айтымында, мамлекеттер ортосундагы байланыштар буга чейин эле практикалык жыйынтыктарды берүүдө.

Тактап айтканда, Кыргызстанда ирригация тармагында айрым венгриялык технологияларды киргизүү башталууда. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга “Венгрия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Ошондой эле Венгриянын “Maurer Gép”, “Unimatik” жана “InnovaSter-Trade” компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу B2B форматында жолугушуулар болуп өттү.

https://economist.kg/agriculture/2026/05/19/v-bishkeke-proshel-ii-kyrgyzsko-vengerskii-forum-pishchevoi-promyshlennosti-itogi/