03.06.26

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп кирет. Өлкө бул ийгиликке төртүнчү аракетинде жетишти. «Биз БУУнун тарыхындагы жаңы баракты жазууга катышабыз. Куттуктап коём, мекендештер!» — деп жазды президент Садыр Жапаров.

Азия-Тынч океан аймагынын өкүлчүлүгү үчүн Кыргызстан менен Филиппиндер ат салышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкек 142 добушка ээ болсо, Манила 49 добуш алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2027–2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешинин беш жаңы туруктуу эмес мүчөсүн шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Коопсуздук Кеңешине Австрия, Португалия, Зимбабве, Тринидад жана Тобаго жана Кыргызстан шайланды.

Коопсуздук Кеңешинин жаңы мүчөлөрү Дания, Греция, Пакистан, Панама жана Сомалинин ордун басат. Ал эми Бахрейн, Колумбия, Конго Демократиялык Республикасы, Латвия жана Либерия Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү макамын сактап калышат.

https://kg.akipress.org/news:2479195