10.06.26
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акылбек Токтобаев Түркиянын “MTA International Mining Inc.” (MTAIC) компаниясынын башкы директору Наил Йылдырым баштаган делегация менен жолугушту. Анда тараптар сейрек кездешүүчү металлдарды жана стратегиялык мааниге ээ минералдарды чалгындоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуу эки өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталды. Тараптар сейрек кездешүүчү элементтерди изилдөө боюнча илимий долбоорлорду жүзөгө ашырууну жана геологиялык чалгындоо иштерин биргелешип жүргүзүүнү макулдашты.
Ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу, байытуу жана терең кайра иштетүү тармактарында заманбап технологияларды колдонуу, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кызматташуу алкагында кыргызстандык адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосунда илимий байланыштарды өнүктүрүү каралган.
Бул жолугушуу 2026-жылдын апрель айында, Стамбул шаарында өткөн стратегиялык мааниге ээ минералдар боюнча эл аралык форумда жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат. Анда Акылбек Токтобаев Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Альпарслан Байрактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Министр буга чейин Кыргызстан геологиялык маалыматтарды жарыялоодо эл аралык стандарттарды киргизип жатканын белгилеп, бул кадамдар чет элдик инвесторлордун ишенимин арттырууга жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн айткан.
https://economist.kg/ekonomika/2026/06/10/kyrgyzstan-mtaic-redkozemelnye-metally/


