10.06.26
Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн түндүк жээгинде эл аралык деңгээлдеги жаңы курорттук комплекс жана беш жылдыздуу мейманкана курулат. Бул тууралуу 9-июнда Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада белгилүү болду.
Эл аралык “RAMS Global” компаниясы менен дүйнөдөгү ири мейманкана түйүндөрүнүн бири болгон “Marriott International” компаниясы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Документке “RAMS Global” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Эрдал Сейхан жана “Marriott International” компаниясынын КМШ өлкөлөрү жана Түркия боюнча өнүктүрүү боюнча вице-президенти Иван Кисеев кол койду.
Долбоор Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан “RAMS Exclusive Villas & Resort” комплексинин алкагында ишке ашырылат. Анын курамында “Marriott Hotels” бренди алдындагы беш жылдыздуу мейманкана жана өзүнчө виллалар курулат.
Маалыматка ылайык, мейманкананын ачылышы 2028-жылга пландалууда. Комплексте 120 мейманкана номери жана люкс бөлмөлөрү, ошондой эле 33 өзүнчө вилла жайгашат. Мындан тышкары, коноктор үчүн ресторандар, конференция жана иш-чара өткөрүү жайлары, банкеттик зал, фитнес-борбор, бассейн, SPA-комплекс, түрк хамамы жана балдар клубу каралган.
“RAMS Global” компаниясынын өкүлү Эрдал Сейхандын айтымында, долбоордун жалпы аянты 7,7 гектарды түзөт. Виллалар менен мейманкана комплекси өзүнчө аймактарга жайгаштырылып, коноктордун купуялуулугу камсыздалат. Ошол эле учурда виллаларда жашагандар мейманкананын бардык кызматтарын пайдалана алышат.
Иш-чарага Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем катышты. Элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем долбоор эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеп, туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, жаңы курорттун ачылышы Кыргызстанда кошумча жумуш орундарын түзүп, жаш адистердин өлкө ичинде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Эскерте кетсек “RAMS Global” компаниясы курулуш, мейманкана бизнеси, гастрономия жана активдерди башкаруу тармактарында 37 жылдан ашуун тажрыйбага ээ эл аралык компаниялардын тобу болуп саналат. Компания дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырып келет.


