18.06.26

Анкарадан шайланган депутат, АК партиянын төрагасынын орун басары жана Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча жетекчи, профессор доктор Күршад Зорлу Кыргыз-Түрк «Манас» университетине сапар менен келди.

Чыңгыз Айтматов кампусунун аймагында тааныштыруу иштери жүргүзүлдү

Сапардын алкагында профессор доктор Күршад Зорлу, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, ректор профессор доктор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор профессор доктор Алмаз Ибраев, университеттин жетекчилиги жана Сенат мүчөлөрү менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чыңгыз Айтматов кампусунун аймагын кыдырып чыгышты.

Түрк дүйнөсү үчүн жалпы максаттар талкууланды

Тааныштыруу иштеринен кийин ректор профессор доктор Алпаслан Жейлан профессор доктор Күршад Зорлуну өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алды. Жолугушууда түрк мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаш муундардын арасында жалпы түрктүк аң-сезимин чыңдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын сактап, илимий кызматташтыкты бекемдеген жана келечектин лидерлерин тарбиялаган алдыңкы жогорку окуу жайы катары аткарып жаткан миссиясы тууралуу пикир алышуу болду.

КТМУ түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине салым кошууда

Ректор профессор доктор Алпаслан Жейлан университет түзүлгөн күндөн тартып Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдаган маанилүү көпүрө болуп келгенин белгиледи. Ал КТМУ эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жалпы билим берүү жана илим борбору болуу максатында ишин улантып жатканын айтты.

Ошондой эле университет бүгүнкү күндө ар түрдүү түрк республикаларынан жана тектеш элдерден келген студенттерди бир чатырдын алдында бириктирип, жалпы тарых, маданият жана келечек тууралуу түшүнүктүн бекемделишине салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Зорлу: Билим берүү – түрк дүйнөсүндөгү достук менен бир туугандыктын негизи

Профессор доктор Күршад Зорлу билим берүү тармагындагы биргелешкен иштер түрк дүйнөсүндөгү достук жана бир туугандык көпүрөлөрүн бекемдей турганын белгилеп, мындай кызматташтык түрк дүйнөсүнүн жалпы келечеги үчүн чоң мааниге ээ экенин баса көрсөттү.

https://manas.edu.kg/tr/news/8032