19.06.26
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Күршад Зорлу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун негизги темасы, Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүү, ошондой эле саясий, экономикалык жана маданий тармактардагы кызматташууну чыңдоо болду. Өзгөчө көңүл өз ара сооданы жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан Түркияны бир тууган өлкө катары өзгөчө мааниге ээ өнөктөш деп эсептей турганын айтты.
Тараптардын айтымында, биргелешкен аракеттердин натыйжасында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүүгө болот. Учурда эки өлкөнүн өз ара соода көлөмү болжол менен 1,6 млрд долларды түзөт.
Күршад Зорлу өз кезегинде, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан жолдонгон саламды жеткирип, эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгиледи. Ал эки өлкөнүн кызматташуу потенциалы мындан ары дагы өсө берерине ишеним билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүүгө жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
https://economist.kg/ekonomika/2026/06/19/kyrgyzstan-turkiye-trade-5bn/


