23.06.26

2026-жылдын 23-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча, Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйыны болуп өттү. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун тең төрагалыгы астында өттү. Жыйындын жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Жыйындын катышуучулары эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыктын ырааттуу кеңейип жатканын, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлордун активдүү илгерилеп жатканын, ошондой эле аймактар аралык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүп жатканын белгилешти.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу сооданын туруктуу өсүшүнө көңүл буруп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 19 пайызга көбөйгөнүн, ал эми акыркы беш жыл ичинде эки эсеге өскөнүн билдирди. Тараптар 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышты.

Кыргыз тарап өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүгө, ошондой эле мындай долбоорлорду мамлекеттик колдоонун механизмдерин иштеп чыгууга басым жасоону сунуштады. Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки агроөнөр жай кооперациясы боюнча программа үчүн биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү сунушталды. Ошондой эле “Кыргызстан-Өзбекстан” өнүктүрүү фондунун ишин жандандыруу жана анын уставдык капиталын көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Күн тартибинде транспорттук жана энергетикалык кызматташтык өзгөчө орунду ээледи. Тараптар XXI кылымдын заманбап «Жибек жолу» болууга багытталган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууга берилгендигин, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча координацияны улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов сүйлөшүүлөр эки элдин кызыкчылыгына жооп берген конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, өзбек тарап мындан аркы кызматташууга толук даяр экенин билдирди.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kyrgyzstan-natselilis-na-udvoenie-tovarooborota-k-2030-godu/