Түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоого, өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлде жайылтууга зор салым кошуп келе жаткан ТҮРКСОЙ уюмунун негизделген күнү менен куттуктайбыз.

Орток маданий баалуулуктарды сактоо жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, алдыдагы иштери мындан ары да жемиштүү улана беришине тилектешпиз.