15.07.26.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, Түркиянын TANFER компаниясынын өкүлдөрү жана Түркиянын Бокс федерациясынын вице-президенти, директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Танфер менен жолугушту.

Улуттук инвестиция агенттигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, Улуттук инвестиция агенттиги инвестициялык долбоорлорду комплекстүү коштоп, инвесторлорго бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. «Биз өлкөнүн экономикасына реалдуу салым кошкон, заманбап технологияларды киргизген жана жаңы жумуш орундарын түзгөн долбоорлорду колдоого өзгөчө маани беребиз. Түркия менен инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деди Сабиров.

Өз кезегинде Түркия тарап Кыргызстандын Биокоопсуздук боюнча улуттук программасын ишке ашырууга багытталган инвестициялык сунушун тааныштырды.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 116,3 млн долларды түзөт жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну карайт. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1 600гө чейин жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Ошондой эле зарыл болгон инфраструктураны куруу, жабдуулар менен камсыздоо жана эксплуатациялык чыгымдардын бардыгын инвестор өз мойнуна алат.

Жолугушуунун соңунда тараптар долбоордун техникалык жана уюштуруучулук аспектилерин тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда биргелешип кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулап, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана өз ара кызыкчылык жараткан долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

https://economist.kg/novosti/2026/07/15/turtsiya-investitsii-biobezopasnost/