31.08.2026
Кыргызстан менен Азербайжан “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 млн доллардан 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишти. Тиешелүү макулдашууга Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, фонддун капиталын эки эсеге көбөйтүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө, ишкерлерди колдоону күчөтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына кошумча азербайжандык инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн министрлер кабинеттеринин ортосундагы 2024–2029-жылдарга карата кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Документ артыкчылыктуу тармактардагы конкреттүү биргелешкен иш-чараларды аныктап, жетишилген макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмин карайт.
“Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду 2022-жылы 25 млн доллар уставдык капитал менен түзүлгөн. 2024-жылы анын капиталы 100 млн долларга чейин көбөйтүлгөн. Жаңы чечимдин негизинде фонддун каржылык ресурстары 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсеге, ал эми баштапкы көлөмүнө салыштырмалуу сегиз эсеге көбөйдү.
https://economist.kg/ekonomika/2026/07/31/kapital-azerbajdzhano-kyrgyzskogo-fonda-200-mln/


