03.08.2026

Кыргызстан Түркиянын рыногуна мөмө-жемиштерди түз жеткирүүнү баштоого даярданууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандык экспорттоочулар менен Түркиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү экспорттук келишимдерге кол коюу боюнча макулдашышты.

Макулдашуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана кыргыз экспорттоочулары менен түрк бизнес-делегациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда жетишилди.

Экспорттук келишимдер, Түркиянын компаниялары менен “Агрокластер мөмө-жемиштер” айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы юридикалык жактар бирикмесинин ортосунда түзүлмөкчү. Тараптар ошондой эле логистикалык чынжырларды өнүктүрүү, соода алакаларын кеңейтүү жана Кыргызстандын агроөнөр жай тармагына инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Түркиянын рыногуна чыгуу кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп эсептейт. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда мөмө-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн да карашты.

https://economist.kg/agriculture/2026/08/03/kyrgyzstan-postavki-yagod-turtsiya/