31.07.26
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышты.
Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик чек аралар боюнча макулдашуулар, эл аралык аянтчалардагы тилектештик жана экономикалык өнөктөштүк аймактык туруктуулукту бекемдеп жатат. Ошондой эле ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоору, энергетика жана транспорт тармагындагы инвестициялар аймактын өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Алиев: Биз бирдиктүү геосаясий жана геоэкономикалык аймакка айландык
Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык Азербайжандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, өлкөсү консультациялык жолугушууга биринчи жолу толук укуктуу мүчө катары катышып жатканын эске салды.
Ал акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар кыйла көбөйгөнүн белгилеп, Борбор Азия менен Азербайжан бара-бара бирдиктүү геосаясий жана геоэкономикалык мейкиндикке айланып жатканын айтты. Алиев жаңы этапта аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Азербайжан активдүү роль ойной турганын билдирди.
Энергетика, транспорт жана санариптештирүү негизги багыттар болду
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын толук укуктуу мүчө болушу аймактык кызматташтыкта жаңы доорду баштаганын белгилеп, инвестиция, энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор тездей турганын айтты.
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон энергетикалык коопсуздуктун маанисине токтолуп, аймак өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн камсыздай турган ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев соода, технология жана санариптик трансформация тармактарында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилеп, Борбор Азия билим берүү, илим, инновация жана чоң маалыматтар (Big Data) жаатында атаандаштыкка жөндөмдүү борборго айланышы керек экенин айтты. Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан тобокелдиктерге каршы биргелешип аракеттенүүгө жана узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгууга чакырды.
Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды
Жыйындын соңунда лидерлер аймактык кызматташтыкты чыңдоо, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталган максаттарды камтыган Чолпон-Ата декларациясын кабыл алышты. Саммитте транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, соода жүгүртүүсүн көбөйтүү жана маданий байланыштарды чыңдоо боюнча жалпы саясий эрк билдирилди.


