06.09.26
Кыргызстан менен Татарстан соода-экономикалык кызматташтыкты, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнү жана инвестициялык демилгелерди биргелешип илгерилетүүнү талкуулашты. Бул маселелерди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов 6-сентябрда Ысык-Көлдөгү №2 мамлекеттик резиденцияда болгон жолугушууда талкуулашты.
Тараптар өз ара иш сапарларды улантуунун жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Миннихановдун Кыргызстанга сапары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө. Касымалиев Татарстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушууда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен демилгелер да өзүнчө каралып, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы активдүү кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашылды.
Ошондой эле тараптар билим берүү, маданият, илим, жаштар саясаты жана спорт тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү талкуулашты. Алардын баамында, бул багыттардагы кызматташтык эки элдин ортосундагы достук байланыштарды жана өз ара ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөт.


