Мамлекет башчылары Тажикстандын КМШ өлкөлөрүнүн советинде төрөгалык кылган мезгилинде алып барган иштери, 2019-жылы Түркмөнстанда боло турган Саммиттин кийинки отуруму, тынчтык максатында, космос мейкиндигин пайдалануу жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматташуу тууралуу маалыматтар уктурулду.
Саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:
- КМШга мүчө мамлекет башчыларынын 10-декабрь 1948-жылы кабыл алынган адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата билдирүү боюнча.
- “Шериктештиктин маданий борборлору” атту эл аралык программасын 2021-жылы Тажикстанда ишке ашыруу боюнча.
- КМШ өлкөлөрүндө 2021-жылды архитектура жана шаар куру жылы деп жарыялоо боюнча.
- 2019-2023-жылдары кылмыш менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралар боюнча эл аралык программа өткөрүү боюнча.
- Маалымат технологиясы чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматташтык боюнча.
- КМШ мүчөлөрүнүн коргоо министрлери кеңешинин жобосуна өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча.
- КМШ мүчө мамлекеттеринин антитеррористик борборунун жобосуна өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча.
- Кадрдык дайындоолор
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы күрөшүү борборунун башчысы жөнүндө.
- КМШ мүчө мамлекеттеринин коргоо кеңешинин карамагындагы абадан коргонуу боюнча жетектөө комитетинин төрагасы боюнча
- КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимдерин токтотуу боюнча.
- КМШ өлкөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу билдирүүсү боюнча.
- КМШ өлкөрүнүн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүүсү боюнча
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын өткөрүүгө даярдыктар боюнча.
http://kabar.kg/tur/news/du-anbedeki-bdt-devlet-ba-kanlar-zirvesinde-12-belge-imzaland/