11.09.26
Кыргызстандын Талас облусунда бензин жана дизель фракциясын кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Инвестициянын болжолдуу көлөмү $350 миллион долларды түзөт деп бааланууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.
Аталган документ бензин жана дизель фракциясын кайра иштетүүчү, ошондой эле полимер-модификацияланган PG битумун өндүрүүчү комплекстин долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулайт. Долбоор ички өндүрүштү көбөйтүүгө, бензин жана дизелдин импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана аймакка жаңы технологияларды тартууга багытталган.
Эскерте кетсек, “QAZAQ BITUM Processing” компаниясы Казакстанда иш алып барып, жол битумун жана полимер-модификацияланган битумду өндүрөт. Компания мунайды кайра иштетүү жана продукцияларын өндүрүүчү катары катталган.
https://economist.kg/biznes/2026/09/11/qazaq-bitum-talas-toplivo-350-mln/


