02.10.2026

Кыргызстан Түркмөнстан менен инвестициялык кызматташтыкты жашыл энергетика, мунайзат жана жаратылыш газын жеткирүү, телекоммуникациялар, текстиль өнөр жайы, транспорт жана логистика, ошондой эле туризм тармактарында өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабиров 1-октябрда Ашхабадда өткөн Түркмөнстандын инвестициялык форумунда (TIF 2026) билдирди.

Сабировдун айтымында, Кыргызстан экономикасынын өсүшүнүн жогорку темптерин көрсөтүүдө. 2025-жылы өлкөнүн экономикасы 11% пайызга өсүп, түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 27% пайызга көбөйүп, 1,3 млрд доллардан ашкан. Ал эми жаңы инвестициялык долбоорлордун жалпы портфелинин көлөмү 23 млрд доллардан жогору болгон.

Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн санариптик кызматтар өнүктүрүлүп жатканын белгилеген Сабиров жасалма интеллект технологияларынын негизинде жаңыртылган инвестициялык портал ишке киргизилгенин айтты. invest.gov.kg порталы 30 тилде жеткиликтүү болуп, анда өлкө жана экономиканын негизги тармактары тууралуу маалымат, инвестициялык долбоорлордун каталогу жана интерактивдүү инвестициялык карта жайгаштырылган.

Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду каттоо, мыйзам талаптары жана жеткиликтүү жеңилдиктер боюнча суроолорго жооп берген AI-чат-бот иштейт.

Сабиров ошондой эле «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилерин белгиледи. Ал инвесторлорду, мамлекеттик органдарды жана аймактарды бирдиктүү санариптик платформага бириктирип, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт. Бул инвесторлорго бардык маселелерди бирдиктүү платформа аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аймак үчүн маанилүү долбоорлордун катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана CASA-1000 долбоорун атады. Анын баамында, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Азия менен Европаны байланыштырган жаңы транспорттук каттамды ачат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи менен CASA-1000 долбоору Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Эки күнгө созулган форум Ашхабад шаарында өтүп жатат. Иш-чараны Түркмөнстандын Финансы жана экономика министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги уюштурууда. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга 40тан ашык өлкөдөн 200дөн ашуун чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

https://business.com.tm/post/16375/tif-2026-kyrgyzstan-highlights-investment-cooperation-priorities-with-turkmenistan