19.03.19
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2019-жылы $ 100 млн. долларлык насыя келишимин түзүүнү пландаштырууда.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков, Бишкек шаарында өткөн брифингде "Бул долбоор чоң проекттерди жана чакан жана орто ишканаларды биргелешкен банктардын жардамы аркылуу каржылоону камтыйт "-деди.
2018-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан насыялоо $ 42,4 млн. долларга жеткен. Бул сумма фонддун тарыхында эң кичине сумма болуп саналат.
Фонд башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев, бул жагдайды 2018-жылкы бизнес-чөйрөсүндөгү иш активдүүлүгүнүн төмөнкү деңгээлде болушу менен түшүндүрдү. Жалпысынан 55 долбоор бекитилди. Асрандиевдин айтымында, фонд $ 100 млн.доллар суммада каржылоого жетишүүсүн төмөнкүчө түшүндүрдү: “Мындай көрсөткүч 2018-жылдагы биздин күч-аракеттерибиздин натыйжасы болуп саналат. Буга чейинки долбоорлордун 60-70% пайызы ишке ашырууга мүмкүндүк бар. Долбоорго кабыл алуу жыл бою уланат"-деди ал өз сөзүндө.
Асрандиев баса белгилегендей, каражат көбүнчө өндүрүш тармагына сарпталат. Фонддун президенти, апрель айынын аягында ири долбоор ишке киргизиле тургандыгын да айта кетти.