27.03.19.
Кыргызстандык жана россиялык компаниялар ортосундагы сегизинчи региондор аралык конференция алкагында, $1 млрд. 557 млн. долларлык макулдашууга жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
$1,2 миллиард долларлык эң ири кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жана "Росгеология" ачык акционердик коому кол коюшту.
"Бишкек штамптоо заводу" (БШЗ) $30,3 миллион доллар өлчөмүндө келишимди Казан мамлекеттик ок-дары чыгаруучу заводу ($15,3 миллион) жана Барнаул патрон заводу ($15 миллион) менен макулдашты.
Дээрлик $300 миллион доллар, кызматташтык келишим боюнча, агроөнөр-жай комплекси долбоорлорун ишке ашырууда колдонулмакчы.
Ошондой эле, Россиялык ишкерлер менен Кыргызстандын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги кол койгон беш меморандумдун ар бири 50 миллион долларды түзүп, органоминералдык жер семирткичтерди, биоорганикалык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын менен вакциналарды өндүрүүгө багытталган.
https://24.kg/ekonomika/113070_kompanii_kyirgyizstana_irossii_podpisali_soglasheniya_na15_milliarda/