27.03.19.
Кыргызстан жана Россия арасында эки тараптуу соода өсүп жатат, анын көлөмү $ 2 млрд. долларга жетиши мүмкүн.
Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, өкмөт башчысынын орун басары Замирбек Аскаров 8- региондор аралык жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Евроазиялык экономикалык бирдигине (ЕАЭС) кошулуп жаткан кыйын мезгилде Россия колдоо катары 200 миң доллар бөлгөн болчу, Россия кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүү үчүн дагы $ 500 млн доллар бөлгөн эле.
Учурда 310 миллион долларды түзгөн 1 662 долбоор бекитилген, деп кошумчалады.
Замирбек Аскаров: "Биз алымсыз мунай заттарын берүүлөрүн абдан баалайбыз, Кыргызстандын күйүүчү май рыногуна да оң таасирин тийгизет, - деп билдирди ал. Ички дүң өндүрүм 2018-жылга пландалган 2,8% пайыздын ордуна, 3,5% пайызга өскөн. Товар жүгүртүү 6,7 миллиард долларды түзгөн. 246 жаңы иш-каналар ачылды, ишкерлерге даректүү колдоо жүргүзүлдү, натыйжада 71 миң жаңы жумуш орундары ачылды жана улуттук акча курсу стабилдүү сакталган” - деп билдирди.
http://www.tazabek.kg/news:1537015?from=portal&place=last&b=7