02.11.19
Кыргыз өкмөтү жана Азиялык өнүктүрүү банкы Үч – Курган ГЭСинин реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык жана кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалымат боюнча, долбоордун баасы $ 160 миллион долларга бааланган. Анын $100 миллион долларын Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берип жатат. Берилген $100 миллиондун $60 миллиону кредит түрүндө, ал эми, $40 миллиону болсо грант катары берилмекчи.
Кыргыз өкмөтү мындан тышкары, Евразиялык өнүктүрүү банкынан $45 миллион доллар алууну пландоодо. Калган $15 миллион долларды Кыргызстандын өкмөтү бюlжеттен бөлүп берүүнү көздөөдө.
Каражат, Үч-Курган ГЭСинин гидроагрегаттарын электромеханикалык жабдууларын алмаштырууга, ГЭСтин дамбасын бекемдөөгө жана гидротехникалык курулуштардын реконструкциялоого жумшалмакчы.