25.12.19
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-декабрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында сүйлөп жатып, 2019-жылдын 9 айында өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү, 2018-жылга салыштырмалуу 67,3% пайызга өскөндүгүн. Инвестициянын жалпы суммасы $577 миллион долларга жеткендигин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жасалып жаткан бир нече иш аракеттерге токтолуп өттү.
Аларга:
- Эки жылдык мөөнөткө чейин жаңы түзүлгөн ишканаларды текшерүүгө убактылуу тыюу салынган;
- Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча, “Бизнес-омбудсмен” институту киргизилген;
- Юридикалык жактарды электрондук каттоо боюнча маалыматтык системасы пайда болду;
- Салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, онлайн контролдук-кассалык апараттары ишке киргизилген;
- Технологиялык жабдууларды импорттоо менен алектенген ишканалар бажы алымдарынан бошотулган;
https://www.tazabek.kg/news:1587475?from=tazabek&place=mainlast