28.07.20
Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги, өлкөдө коронавирус илдетин аныктоочу тест-системасын массалык түрдө өндүрүү иштери башталды деп билдирет.
Инновациялык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматта: “Инновациялык өнүгүү министрлигине караштуу “Алдыңкы технологиялар борборунун” окумуштуулары тарабынан коронавирус илдетин сапаттуу аныктоо үчүн «Biotest-SARS-CoV-2» аталышындагы тест-системасы иштелип чыккан”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми, тест-системасын массалык түрдө өндүрүү иштерин “Алдыңкы Технологиялар Борборунун” алдындагы жоопкерчилиги чектелген (ЖЧК) «Biotest-LAB» атуу компаниясы ишке ашырмакчы.
Инновациялык өнүгүү министрлиги тараткан маалыматта: “Эгерде өлкөдө тест-системасына болгон суроо-талап күнүнө 20 миң даананы түзсө, анда «Biotest-LAB» компаниясы айына 500 миң даана тест-системасын өндүрүп жалпы өлкөнүн керектөөсүн камсыздай алат” – деп белгиленет билдирүүдө.