25.11.20
Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги, президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругунун негизинде, Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу, “Центральная Азия” маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга “Кокчетав-4П” маркасындагы 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана Казакстанда өндүрүлгөн 2 миллион даана беткап жиберген.
Казакстандын “Тыныс” заводунда өндүрүлгөн “Кокчетав-4П” маркасындагы жасалма дем алдыруучу аппараттын баасы 328 миллион тенгени түзөт. Ал эми, “Dolce pharm” жана “Mega pharm” фабрикаларында жасалган медициналык бет каптардын баасы 61 миллион тенгеге барабар.