10.02.21
Кыргызстанга февраль айынын соңунда, Улуу Британиянын “AstraZeneca” вакцинасынын 504 миң дозасы келет. Бул тууралуу, “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, мурункудай жашоого кайтып келүү үчүн калктын 78% пайызы эмдөөдөн өтүшү керек.
“Жыл башында бизге ‘Pfizer’ вакцинасы сунушталган, бирок аны сактоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан андан баш тартканбыз. Аталган вакцинаны сактоочу муздаткычтарга көп каражат талап кылынат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин бизге Оксфорд университети иштеп чыккан вакцинаны сунушташты. Кечээ Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуштум, Кыргызстанга февраль айынын соңунда Улуу Британиянын ‘AstraZeneca’ вакцинасынын 504 миң дозасы келет”, - деп билдирди.
Министр Россия менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын жана “Спутник” вакцинасынын 500 миң дозасын алуу каралып жатканын билдирип өттү.
http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-marttan-tarta-koronaviruska-karshy-emd-bashtalat-beishenaliev/