10.03.21
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 10-март күнү, “Анталия дипломатиялык форуму” уюштурулду. Иш-чара өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда болуп ѳттү.
Иш-чарага министрлер, элчилер, дипломаттар, бейѳкмѳт уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери, студенттер катышты.
“Анталия дипломатиялык форуму” андан кийин “Манас форуму” менен уланып, иш-чара “Медиа Манас” тарабынан түз эфирде кѳрсѳтүлдү.