11.09.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-сентябрь күнү, Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу жана алгылыктуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынынын жыйынтыгын жана “Кыргыз-түрк” бизнес-форумун талкуулашты.

Мамлекет башчысы, дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан жана Түркия эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун бекем пайдубалын түптөшкөнүн өзгөчө белгиледи. Кыргызстан тарап мындан ары дагы эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан  стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кызыктар экенин белгиледи. Өз кезегинде, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоду.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки тараптан тең жемиштүү ишке ашырылып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Фуат Октай үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалганын, тараптар аны акырындык менен жылына 1 миллиард долларга чейин жеткирүү ниетинде экенин белгиледи.

Түркия вице-президенти саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, кен пайдалануу жана эки тарапка кызыкчылык туурдурган башка тармактарда биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

https://govori.tv/zhaparov-t-rkiyanyn-vitse-prezidenti-fuat-oktajdy-kabyl-aldy/