14.09.21
Кыргызстанга ивенстиция боюнча Түркия экинчи орунду ээледи. 2021-жылдын биринчи жарымында Түркиядан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 62 миллион долларды түздү.
Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов пресс-конференция учурунда журналистерге билдирди. Министрдин орун басары Кытай мурункудай эле инвестиция салууда биринчи орунда экендигин, бирок ошол эле учурда Түркиядан инвестициянын агымы көбөйгөндүгүн белгиледи.
Эскерте кетсек, бир апта мурун “Кыргыз-түрк” экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму жана ошондой эле Кыргызстан жана Түркиянын 300 ашык компанияларынын катышуусу менен бизнес форум болгон.
Иш - чаранын жыйынтыгында кызматташуу боюнча төмөндөгү меморандумдарга кол коюлган:
- Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жана Стамбул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун ортосунда
- Кыргызстандагы банктардын союзу жана Түркиялык “UPT Ödeme Hizmetleri ve Elektronik Para A.Ş” ортосунда акча которуу жана физикалык төлөм кызматтары жана өлкөлөр ортосундагы санариптик каналдар чөйрөсүндө
- Стамбул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Евразия бизнес клубунун бизнес ассоциациясынын ортосунда өнүктүрүүнү тездетүү, инновациялык жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүгүнүн жетишүүсү сыяктуу макулдашууларга жетишилген болучу.