13.09.22
Алты айдын ичинде, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24% пайызга өскөн.
Бул тууралуу, Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун экинчи отурумунда белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын Министрлер кабинетин төрөгасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев: “Эки өлкөнүн президенттери мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун протоколунда жана мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө да көрсөтүлгөн”, – деп билдирип өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2-жыйынынын протоколуна, Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүүнү уюштуруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.