20.02.24
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 19-февралда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин айтымында, 2023-жылы, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү, мамилелердин бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Руслан Казакбаев: “Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында 2022-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 30% пайызга өскөнүн белгилей кетүү керек. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 1 миллиард 340 миллион долларын түздү”, - деп белгилеп өттү.