01.09.24

Кыргызстан жана Түркмөнстан Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу жана андан ары Каспий деңизине чыгуучу Түркмөнстанга жаңы темир жол каттамы боюнча транспорт коридорун ишке киргизүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор 27-августта Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев менен Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голлиевдин жолугушуусу учурунда  талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Амангелдиев эки өлкө ортосундагы бир катар ийгиликтүү иш-чараларга токтолуп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке киргизүү боюнча маселелерге токтолуп өттү.

Ал эл аралык жүк ташуу жаатында кызматташуу жана Кыргызстан аркылуу транспорттук коридордун ишке киришинин маанилүүлүгүн баса белгилеп мындай иштер аймактын транзиттик жана транспорттук-логистикалык потенциалын жогорулатат деп билдирди. Ошондой эле тараптар өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде Нурак Голлиев энергетика жана айыл чарба тармагында ийгиликтүү кызматташууну, ошондой эле өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүн белгиледи. Ал Ашхабадда өтө турган инвестициялык форум тууралуу кеңири маалымат берди.

https://economist.kg/ekonomika/2024/08/29/kyrghyzstan-i-turkmienistan-obsudili-zapusk-zhielieznodorozhnogho-koridora-iz-kitaia-na-kaspii/