03.09.24

Кыргызстандын  “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому (ААК) менен “Азербайжан-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун ортосунда 3-сентябрь  күнү ишкердик субъекттерин колдоо жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Бул келишимдин алкагында тараптар күрөөсү жетишсиз болсо да, кепилдик менен насыя берүү аркылуу ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүнү көздөшүүдө.

Документке “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров жана “Азербайжан-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту.

Келишимге кол коюу аземинде, тараптар кызматташуу эки каржы институттары үчүн өлкөнүн бизнесин, биринчи кезекте экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдиришти.

Бүгүнкү күндө “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомунун (ААК) 25 өнөктөшүнүн арасында, “Азербайжан-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен катар үч микрофинансылык жана бир микрокредиттик компания, 18 банк, ошондой эле “Россия-Кыргыз” жана “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонддору бар.

https://economist.kg/biznes/2024/09/04/garantiinyi-fond-i-azierbaidzhano-kyrghyzskii-fond-razvitiia-podpisali-soghlashieniie-o-sotrudnichiestvie/